super.kg logo

Алмамбет Шыкмаматов: “Кыргызстанды “бирдиктүү жашыл аймак” деп атоо экологиялык коркунучсуз жашоого ишеним жаратат”

 

“Жашыл технологиялар өнүккөн өлкөлөрдүн бардык чарбалык тармактарында ишке киргизилүүдө. Жаратылышы өтө аялуу өлкө болгон Кыргызстанда да токсиндерди, шламдарды, кислоталык шахталарды колдонбогон, жаратылышка аяр мамиле жасаган технологиялар ишке киргизилиши керек”. Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын талапкери Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусунун Жумгал районундагы шайлоочулары менен жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Анын айтымында, экологиялык жактан таза машиналарды сатып алган же өндүрүшкө экологиялык жактан таза технологияларды киргизген адамдарды шыктандыруу чаралары иштелип чыгат.

“Ата Мекен” партиясы бул позиция калктын колдоосуна ээ болот деп ишенет. Ал эми Кыргызстанды “бирдиктүү жашыл аймак” деп жарыялоо элде келечекте экологиялык коркунучсуз жашай турганына ишеним жаралышын шарттайт”,- деди Алмамбет Шыкмаматов.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: