super.kg logo

Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Өнүгүү-Прогресстин" спортчулар менен жолугушуусу өттү

 
Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда "Өнүгүү-Прогресстин" спортчулар менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматынан билдиришти.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев борбор шаардагы Ленин өрөөнүнүн спортчуларынын жана шайлоочуларынын алдына чыгып, мына буларды айтты: 

"Урматтуу бүгүнкү жолугушуунун катышуучулары! Эки жумадан бери өлкөбүздө шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жигердүү жүрүп жатат. Бул өнөктүк да чоң бир спорттук иш-чара сыяктуу эле өз атрибуттарына ээ. 

Урматтуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын шайлоочулары! Мен үчүн бүгүн сиздердин жаныңыздарда туруу – чоң сыймык. Мен сиздер менен шайлоо жөнүндө, сиздердин көйгөйлөрүңүздөр жөнүндө, спорт жана спорттук жетишкендиктериңиздер жөнүндө ачык-айкын сүйлөшүп алгым келип турат. Мен партиялык күрөштүн оош-кыйыштары жөнүндө айтып бергим келет жана сиздерди да уккум келет, урматтуу менин партиялаштарым жана тарапташтарым!

Спорт биздин турмушубузда негизги орундардын бирин ээлейт. Спорт – бул улуттун саламаттыгы! Спорт – бул духтун күчтүүлүгү! Спорт – бул өлкөнүн сыймыгы!

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы өз ишмердигинде спортту өнүктүрүүнү жана сергек жашоо образын жайылтууну артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карап келет. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы өлкөнүн экономикалык потенциалын көтөрүү менен бирге спорттун олимпиадалык түрлөрүнөн тартып улуттук түрлөрүнө чейин камтыган массалык спортту колдоону биринчи орунга коёт. Өзүнүн түзүлгөн күнүнөн баштап биздин партиябыз "Өнүгүү” кубогуна Ошто, Жалал-Абадда, Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө, Баткенде жана Чүй облусунун райондорунда ар кандай спорттук мелдештерди, футбол жана волейбол боюнча 238 мелдеш өткөрдү. Өлкө боюнча 120 ат-спорт оюндарын өткөрдүк, 37 спортчунун ар түрдүү спорттук мелдештерге катышуусун каржыладык. Биздин иш-чараларга 27 800 киши катышты, муну менен биз бул адамдардын ден соолугунун чыңдалышына өбөлгө түздүк жана ошондой эле достуктун жана ынтымактын идеяларын жайылтуучу болдук деп ишенимдүү айта алабыз.

Биздин партиялаштарыбыздын күчү менен 82 спорттук зал куруп жана оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк, муну менен 1000 спортчуга шарт түзүп бердик. 2015-2020-жылдарга партиянын алдына массалык спорт менен машыгуу үчүн дагы 100 ар кандай сарайларды жана залдарды курабыз деген милдет койдук. Биз өлкө парламентине келгенибизде демилгелеген программалардын алгачкыларынын бири “Спорттун массалык жана улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жөнүндө” программа болот.

Ошондой эле ар бир жаранды турак жай менен камсыз кылгыбыз, жаңы завод-фабрикаларды куруп, эскилерин толук кандуу иштеткибиз келет. Айыл чарба, өндүрүш тармактарын өркүндөтүү аркылуу экономиканы көтөрсөк дейбиз. Ал үчүн күн-түн дебей, каруубузду казык кылып иштегенге даярбыз!"

№8 - "Өнүгүү-Прогресс" саясий-партиясынын катар номери.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.


кошулду





"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жолугушуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: