Каныбек Иманалиев: "Мыйзамсыздык жана коррупция менен күрөштү улантуу үчүн шайлоого бара жатабыз"



“Биздин бул жолугушуубуздун жамгыр менен коштолуп жатышы жакшылыктын жышааны, анткени жаан жүрөктөрдөгү бардык жаман ойлорду жууп-тазалайт”,- деп билдирди талапкер Каныбек Иманалиев Нарын шаарында шайлоочулар менен жолугушууда. Нөшөрлөгөн жаанга карабай “ата мекенчилер” менен жолугушууга Нарын стадионуна 8 миңден ашуун эл чогулганын билдирет партиянын маалымат кызматы.
“Бул сиздердин “Ата Мекен” партиясына болгон зор ишенимиңиздердин далили. Ошон үчүн биз сиздердин ишенимди актоо үчүн, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүп, сиздердин укуктарыңыздарды мындан ары да коргоп, мыйзамсыздык жана коррупция менен күрөштү уланталы деген аруу тилектер менен шайлоого бара жатабыз“,- деди Иманалиев.
“Дал ушул Нарын жергеси – Кыргызстандагы дарыялардын башаты башталган жер. Албетте, бул Нарын өзгөчө керемет жер экендигин далилдейт. Кереметтүү бул жерден улуу элдик акын Боогачы, Тоголок Молдо, Арстанбек жана башка залкарлар чыккан”,- деп кошумчалады талапкер.
Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясы Нарын жергеси менен көп жагынан байланышта. Аймакты курчаган тоолор кыргыз каны менен айкалышып, кыргыздын нукуралыгын айгинелеп турарын, “Ата Мекен” партиясы ар дайым өз убадаларына, позициясына бекем туруп келгенин айтты.
“Ата Мекендин” Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, Кылычбек Исамамбетов, Эрлан Аскаров жана Сыймыкбек Сапаров сыяктуу Нарын облусу боюнча талапкерлери сиздердин таламыңыздар үчүн шайлоого аттанып жатышат. Мен сиздерден аларды колдоп беришиңиздерди сурунам, анткени аларды колдоо менен өз тагдырыңыздарды, келечегиңиздерди чечериңиздерди эске салам”,- деди Каныбек Иманалиев.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



