Өмүрбек Текебаев: "Тандаган жолубуздан артка кайтпашыбыз керек"




Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, Чеч-Дөбө айылынын тарыхый маанисине токтолду. Анын айтымында, Чеч-Дөбө - байыркы кыргыздардын парламенти болгон жер. Аймакта жашаган кыргыздар бул айылга чогулуп, тынчтык, согуш, суу, жер сыяктуу маанилүү маселелерди чечишкени, аты айтып тургандай, “чеч” сөзү мына ушундан калганы айтылды. “Демек, парламентаризм бизде байыртадан эле болгон. Ошондуктан биз тандаган жолубуздан артка кайтпашыбыз керек. Тандаган багытыбыз жемишин берип жатат. Азыр Кыргызстан өзүнүн чыныгы көз карандысыздыгынын жолуна түштү деп айта алам”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Легендарлуу парламенттин спикери, партиянын талапкери Медеткан Шеримкулов Ат-Башы жеринен чыккан чыгаандар туурасында айтып, бул аймакты жердеген кыргыздардын касиетине баа берди.
“Кыргыздар - байыркы эл. Ата-бабаларыбыз бизге жерин, элин, улуу дөөлөттөрүн калтырып кеткен. Биз ошолорду кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Ат-Башы – жер соорусу, Манас, Кыз Сайкал сыяктуу тарыхый инсандардын изи калган жер. Бул жерден нечендеген улуу залкарлар, өнөр адамдары, ааламга белгилүү инсандар чыгышкан. Эң негизгиси, бул жерди жердеген эл жеке бийлик, жеке байлыкка кызыгуу артышпайт. Карапайым эл гана чыныгы адилеттүүлүк менен калыстыкты туура баалай алат”,- деди Шеримкулов.
Жолугушууда Садык Шер-Нияз, Аида Салянова, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов жана башкалар сөз сүйлөшүп, алар негизинен “Ата Мекен” партиясынын шайлоо алдындагы максаттуу программаларына токтолушуп, алдыдагы шайлоодо татыктуу партияны шайлоого үндөшкөн.
“Ата Мекендин” үгүт жүрүшү Ак-Талаа районуна багыт алганы айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



