Алмамбет Шыкмаматов: “Апрель революциясында биринчилерден болуп көтөрүлгөндөр дал ушул нарындыктар болгон”




“Ата Мекен” партиясынын Нарын шаарында болгон үгүт кербенинде талапкер Алмамбет Шыкмаматов Нарын эли 2007-жылкы парламенттик шайлоого активдүү катышканын белгиледи. Талапкер теңир-тоолуктар “Ата Мекен” партиясын дээрлик көпчүлүк добуш менен колдошуп, эки жолу тең партияга болгон көз караштарынын туруктуу жана бекем экенин далилдей алышканын айтканын билдирет партиянын маалымат кызматы.
“Ата Мекен” сиздердин ишенимиңиздерди булгаган жок. Ар дайым принцибинен тайбай, адилет, таза иштеп, ачуу чындыкты айтып келди, жоопкерчиликсиздикке жол берген жок. Башкача айтканда, теңир-тоолуктар, сиздерге таандык мүнөз менен бекем турдук, намысты алдырган жокпуз. Бул жагынан теңир-тоолуктар, биздин мүнөзүбүз “Ата Мекендин” мүнөзү менен шайкеш келет, анткени биз кайраттуубуз, бекембиз жана туруктуубуз. Биз бүркүттөй бийик учуп, эркиндикти эңсеп жашайбыз”,- деди Алмамбет Шыкмаматов.
Талапкер 2010-жылкы
парламенттик шайлоодон кийин “Ата Мекен” партиясынан аткаруу бийлигинде
нарындыктардан 3 министр жана башкы прокурор иштегенин, алардын ар биринин жасаган
иштери жана эрдиктери тууралуу буларды айтты:
“Аида Салянова коррупция менен аёосуз күрөшүп, кыргыз прокуратурасын жаңы деңгээлге көтөрдү. Мындай эрдикти буга чейин эч бир прокурор жасай алган эмес. Мен да өзүмө тагылган милдетти так аткардым деп эсептейм. “Кумтөр” долбоорундагы үчүнчү көз боёмочулукка жол берген жокмун. Ал эми Калыкбек Султанов менен Кудайберген Базарбаев да чыр-чатаксыз, эң таза жана татыктуу иштеген министрлер боло алышты”.
Маалыматка ылайык, Шыкмаматов 2010-жылы бакиевдик авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык, коррупциялык, кылмыштуу бийликти кулатууда адилеттүүлүк, теңдик үчүн эл көтөрүлүп, Апрель революциясын алгачкылардан болуп жасаган дал ушул нарындыктар болгонун айтты.
“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү ал революциянын көч башында турган. Теңир-тоолуктардын, нарындык партиялаштардын ошол эрдигин, эмгегин баалап, ордун өзгөчө белгилеп, баатырларга таазим кылып, партия лидери Өмүрбек Чиркешович март айында облустук конференцияларын төлгө кылып баатыр нарындыктар жердеген ыйык жерден баштаганы эсиңиздерде болсо керек. Теңир-тоолуктардын батасы тийип, “Ата Мекен” партиясына бул шайлоодо да утуп чыгуу насип этсин. Мен уулуңар катары, бул жолу да “Ата Мекенди” колдооруңуздарга ишенем. Ал эми “Ата Мекен” партиясы өз убадаларын аткарып келген жана ар дайым аткара берет”,- деди Алмамбет Шыкмаматов.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



