super.kg logo
  Спорт  

Бишкектеги өспүрүмдөр мелдешинде кыргыз футболчулары Иорданияны 4:1 эсебинде утушту

 
Кыргыз Республикасы - Иордания - 4:1
Голдор: Гүлжигит Алыкулов (11-мүнөт), Эмир Шигайбаев (33-мүнөт), Максат Жакыбалиев (72-мүнөт), Тимур уулу Ороз (90-мүнөт). 

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру ("В" тайпасында) жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу беттеште өспүрүм кыргыз футболчулары Иордания менен кез келип, 4:1 эсебинде утуп алышты. Бул беттешке Иордания курамасы 3 упай алуу үчүн чыккан. Себеби карамагында 3 упайы бар иорданиялыктар кийинки баскычка чыгууга аракет кылып жатышкан. Ал эми алгачкы 2 оюнда уттуруп жиберген кыргыз футболчулары кийинки баскычка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошентсе да алар күйөрмандарды кубантуу, өз үйүндөгү мелдеште бир ирет жеңиш даамын татуу үчүн чыгышкан. Эки команданын ичинен мамлекетибиздин курамасы максатына жетип, утушка ээ болду. 
Иордания курамасынын оюнчулары узун пастар менен ойногонун жана башка 3 командадан ушул стили менен айырмаланарын көргөнбүз. Кыргыз футболчуларына аларга каршы ойноо бир топ ыңгайсыз болсо да, алар оюнду активдүү баштап, демилгени колго алышты. Иорданиялыктар алыстан сокку узатуу менен бактыларын сынап жатышты. 
Кыргыз футболчулары майда пастар менен ойноп, голдорду ушунун эсебинен киргизишти. Алгач Гүлжигит Алыкулов дарбазачы менен бирге-бир чыгып, эсепти ачты. Экинчи голду Эмир Шигайбаев киргизди. Ал эми 2-таймдын башталышында иорданиялыктар эсепти кыскартып, Лаид Хуссам айырмаланды. 3-голдон кийин кыргыз футболчулары өзүлөрүн бир топ ишенимдүү сезип калышты. Голду болсо бүгүн капитан болуп майданга чыккан Максат Жакыбалиев алып келди. Оюндун акыркы мүнөтүндө кыргыз футболчулары кыска пастар менен атаандаштардын коргоочуларын жазгырып, Ороз Тимур уулу дарбазачы менен бетме-бет чыгып калды. Ал топту алыскы бурчка багыттады жана кыргыз футболчулары ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.   

2016-жылы Индияда өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугуна Оман курамасы жолдомо алды. 
Мелдеш жадыбалы: 

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Оман

3

6

2

Непал

3

6

3

Кыргыз Республикасы

3

3

4

Иордания

3

3






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
20.09.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alga kyrgyz alga
20.09.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлжигит таланттуу окшойт
20.09.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер!!! Кыргыз футболунун келечиги бар экенин корсото алдынар...!!! Алга, КЫРГЫЗСТАН..!!!!
21.09.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oinoso bolot ekengo kaiaktagy iordania jengen omanga utuldunar slabyi komandalarga dalshe vpered vse taki est perspektivy
21.09.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Videolorun juktop koisonor jakwy bolot ele....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: