Венгриялык оператор тээп кулаткан сириялык качкындын уулун Криштиану Роналду майданга алып чыкты









Кечээ, 19-сентябрда футбол боюнча Испания чемпиондугунун 4-турунда мадриддик "Реал" өз үйүндө "Гранада" клубун кабыл алды. Беттеш алдында "Реалдын" футболчусу Криштиану Роналду сириялык качкындын уулун майданга жетелеп чыкты. Эсиңиздерде болсо, сүрөттөгү жаш бала атасы менен качып баратканда венгриялык оператор аларды чалып жыккан. Бул көрүнүш видеого тартылып, венгриялык оператордун дарегине сындар жааган.
Кошумчалай кетсек, баланын атасы Усама Абдель Мохсен испаниялык белгилүү клуб “Хетафенин” машыктыруучулар штабына кызматка чакырылган. Мындан улам бул үй-бүлөнүн футболго жакын экенин баамдаса болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
12

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Месут Озил айткан созун окудум эле, Роналдо
Аль-Фатиха суроосун суйуп угат деген...