Кеминде таксист жана шериги "32 жаштагы аялды зордуктады" деп айыпталышууда
Чүй облусунун Кемин шаарында айымды зордуктоо боюнча эки киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 15-сентябрда саат 23:30 чамасында Кеминде 32 жаштагы айым такси унаасына отуруп, Кашкелең айылына жеткенде айдоочу жана анын шериги айымды унаанын ичинде зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Б.А. жана 25 жаштагы Э.Т. Чүй облусунун тургундарын кармашты. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
altyw95jan

22.09.2015. 00:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олаааа, адамдар эмнеле болуп баратышат. Таксиге жалгыз тушуштон да кооптонуп калаткенсин.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.