Ак-Талаанын эли салтты улай "Ата Мекендин" лидерин улак тартып тосуп алды




“Ата Мекен” социалисттик партиясынын үгүт кербени Теңир-Тоо жергесинде сапарын улап, Ат-Башыдан Ак-Талаа районуна барды. Эзелтен ата салтын сактап келген ак-талаалыктар райондун кире беришинен “Ата Мекен” партиясынын талапкерлерин улак тартып тосуп алышты. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жүздөй атчан жигиттердин коштоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун чемпиону болгон ак-талаалык жигит улакты Өмүрбек Текебаевдин алдына таштап, “Ата Мекен” партиясынын лидеринин колунан байгесин алып кетти. Андан соң ак элечек апалар “ата мекенчилерге” нан ооз тийгизип, даам сыздырышканы, меймандостуктун, кыргыздын улуттук каада-салтынын уңгусун сактап келе жаткан ак-талаалыктар “Ата Мекен” партиясынын талапкерлерине ак жол каалашканы айтылат маалыматта.
Үгүт кербени Жумгал районуна багыт алганы айтылды.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



