"Саясий партиялар шайлоочулардын добушун сатып алышууда" дейт жарандык активист
"Саясий партиялар шайлоочулардын добушун сатып алышууда",- деп билдирди жарандык активист Медер Талканчиев бүгүн, 21-сентябрда маалымат жыйында. Анын айтымында, Жогорку Кеңешке аттанган партиялар жер-жерлерде жарык берүүчү чырактарды орнотушуп, балдар аянтчаларын оңдоп, спорттук оюн-зоокторду бекер уюштуруп, белектерди берип шайлоочулардын добуштарын сатып алышууда.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
"Тийиштүү конституциялык мыйзамга ылайык, жогоруда айтылган иш-чаралар шайлоочуну сатып алуу катары бааланат. Борбордук шайлоо комиссиясы буга жакшылап көңүл бурушу керек. Экинчиден, саясий партиялар айрым учурларда үгүт баннерлерин жулуп, бири-бирине агрессивдүү мамиле жасап жатышканы көрүнүүдө. Этикалык кодексти саясий партиялар өздөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүшсө болмок. Үчүнчүдөн, депутаттыкка талапкерлердин аймактарды кыдырып үгүт жүргүзүүсү концерт берүү менен гана чектелүүдө",- дейт Талканчиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















