Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тилчи мугалимдер сыйланышты (фоторепортаж)
































Бүгүн, 21-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Улут болсоң, тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу азем өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн кыргыз тилинен сабак берген мугалимдер Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамоталары жана “Кыргыз тили” төш белгилери менен сыйланышты.
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү шаардык мугалимдердин мыктыларын Ардак грамоталар менен сыйлап, белекке бирден принтер беришти.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен уланып, анын алкагында кыргыз тилинде ырлар окулуп, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.