Садык Шер-Нияз: “Каркыра менен Үзөңгү-Кууш сатылып жатканда азыркы партиялардын көбү кайда эле?!”




“Кочкор жергеси – чыгаандардын мекени. Бул аймактан Турдакун Усубалиев сыяктуу атпай журтка белгилүү инсандар чыккан. Дегеле, Нарын жергесинин эли - кыргыздын каада-салттары менен ар-намысын бийик кармап, жаратылышы катаал шартта жашаганына карабастан, туруктуулугу, чыдамкайлыгы бийик эл”,- деп билдирди Садык Шер-Нияз “Ата Мекендин" мүчөлөрүнүн Кочкор районундагы шайлоочулар менен жолугушуусунда.
Партиянын маалымат кызматына таянсак, Шер-Нияз өз сөзүндө “Ата Мекен” партиясы да Кочкор элиндей ар-намысты бийик туткан касиетке ээ экенин айтып, алдына койгон милдеттерин толук аткарып, элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшө тургандыгын белгиледи.
“2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу революцияда Нарын эли эң алдынкы катарда болуп, кландык бийликти сүрүп чыгарууга салым кошту, эр-азаматтарынан айрылды”,- деген Садык Шер-Нияз кыргыз эли 7 атасын сыйлаган эл экенине токтолуп: “7 атасын билбегенди жетесиз кул дейт. Кочкорлуктар мындай каадаларга абдан кылдат караган жана жогору баалаган эл келет”,- деп кошумчалады.
Шайлоо алдында көпчүлүк партиялар махинацияларды жасашарын белгилеп: “Азыркы партиялардын көбү кыргыз эли Каркыраны тарттырып, Үзөңгү-Куушу үзүлүп жатканда кайда эле?! Бүгүн алар бет кабын өзгөртүп алдыңарга келишип, силерди алдап добуштарыңарды алганы жатышат, анткени аларда абийир, туруктуулук деген сапаттар жок. Бийликке мансап үчүн элди алдоо менен жетүүнү каалашат. Бир гана чындыкты бетке айтып, 24 жылдан бери эл менен кыйынчылыкта да, жыргалчылыкта да бирге болуп, каруусун казык кылып келаткан партия - жалгыз “Ата Мекен” партиясы”,- деди Шер-Нияз.
“Ата мекенчилердин” Кочкордогу жолугушуусуна 5 миңдей жаран катышканы, үгүт сапары Жумгал районун көздөй бет алганы айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



