Шаардык кеңештин депутаттары мэр Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшүүдө
"Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин шаардык кеңештеги "Республика" фракциясы гана көтөрүүдө". Бул сөздү бүгүн, 4-мартта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов айтты. "Шаардык кеңештин регламентине ылайык, мындай кайрылуу түшкөн соң 5 күндүн ичинде депутаттар жыйын өткөрүшүбүз керек. Менимче, жыйын 11-мартта өтүп, күн тартибине бул маселе коюлат",- дейт Аманкулов.
Айта кетсек, бүгүн шаардык кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаттары кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда Өмүркуловдун дарегине бир катар сындар айтылып, анын мэрлик кызматка татыксыз экендиги жазылган. Мындан улам мэрге ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлүүдө.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

