super.kg logo

Бүгүн Ош облусунда жол кырсыгынан 6 адам каза болду

 

Бүгүн, 21-сентябрда Ош облусунда жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Өзгөн районундагы Мырзаке айылында саат 10:00 чамасында Өзгөн - Кара-Кулжа унаа жолунун 17-чакырымында Мерседес-Бенц жана Хонда Степ үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. "Кырсыктын кесепетинен Мерседес-Бенц унаасында 2 адам, Хонда Степ унаасында 1 адам кыпчылып, каза болушкан. Унааларда каза болгон 3 адамдын жансыз денелерин куткаруучулар чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мындан тышкары ооруканага жеткирилген 8 адамдын үчөөсү жаракаттардан улам каза тапкан. Жалпысынан кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган",- деп билдирет мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
21.09.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иииий ушу айдоочулар канчалаган адамдардын олумуно себепкер болушат,акырын эле айдаса болот го, жоопкерчилик деген болуш кк да!! Жакындарына сабыр!
21.09.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ааааййй айййй уффф айдоочулар куноолууу
21.09.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсыктардын копчулугуно, "степвагон" машиналары кабылууда.((
21.09.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оң рульдун кесепети да
21.09.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайдан келген кесепет эч ким нерсе кыла албайт,айдоочуларды куноологон деле туура эмес аларда жакшы ойдо болушкан да.керек болгон убагыбызда баарыбызды бир нерсени шылтоо кылып алып кете берет тура.
ALAi..14 түзөттү 21.09.2015 16:51
21.09.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдоочулар кунолу абайлагылаа айдоочулар
21.09.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар авария болгон жерден минимум 100км/ч менен отот ары откону да бери откону да жол да тар,встречний келгенде 2 автоунаа аран батат, жолду кенейтип,жол белгилерин орнотуш керек бул жерге .
22.09.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин угушум боюнча, мерс менен одиссей авария болуптур анын кесепетинен 12адам каза болуптур.Мерсти куноолуу деп жатышат.Мерстегилер тойдон келатышкан экен водител да масыраак экен эле дешти.
23.09.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жездемин жаткан жери жаннатта болсун.
Эрте мн окуугам,анан эле кабар келди каза болду деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: