Өмүрбек Текебаев: “Жарандардын оңой, сапаттуу медициналык тейлөө алуусу - “Ата Мекендин” башкы максаты”




“Ата Мекен” партиясы социалдык мамлекеттин башкы жоопкерчилиги болгон улуттун саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө күч жумшайт”. Мындай пикирди “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиянын Кочкор районундагы үгүт сапарында шайлоочулар менен жолугушууда билдирди. Партиянын маалымат кызматына таянсак, Текебаев жаңы саламаттык сактоо тутуму тилектештик принциби боюнча мамлекеттин жана жеке медициналык камсыздандыруудагы жаңыча ыкмалар, ден соолуктун электрондук карточкалары, дене тарбия менен спортту кеңири жайылтуу экенин белгиледи. Мындан тышкары “Жогорку технологиялар жаңы медицинанын кызматында” программасын ишке ашыруу, өтө оор дартка чалдыккан жана дарылануунун каражат көп талап кылган жана жогорку технологиялык ыкмаларын колдонуу зарыл болгон жарандарга өз убагында жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн жаңы стандарттары, балдарды жылына бир жолу, улуу адамдарды 3 жылда бир жолу жалпы милдеттүү диспансеризациядан өткөрүп туруу экенин айтты.
“Биздин максат – бардык жарандар үчүн сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушун камсыздоо. Партиянын шайлоо алдындагы программасында да бул механизмдер камтылган”,- деди партия төрагасы.
“Ата Мекен” партиясы өлкөбүздөгү медицинага жумшалган мамлекеттик чыгымдар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына шайкеш келип, ички дүң продукциянын (ИДП) 6 пайызынан кем эмес болушуна жетишерин, азыркы учурда Кыргызстандагы медицинага жумшалган чыгымдар болгону ИДПнын 2,7 пайызын түзөрүн кошумчалады.
“Ата Мекендин” Кочкор районундагы шайлоочулар менен жолугушуусуна 5 миңден ашуун шайлоочу катышканы, тургундар партия лидерине суроолорду беришип, жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушканы, бүгүн Жумгал районунун борбору Чаекте жолугушуу өтөрү айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



