Жылнаама, 22-сентябрь: Мындан 68 жыл мурун кыргыз балеринасы Айсулуу Токомбаева төрөлгөн

КРнын Даңк жана 1-даражадагы "Аскердик кызматтагы өзгөчөлүгү үчүн" медалдары жана Бүткүл дүйнөлүк ВОЗдун чоң алтын медалы менен сыйланган. КРнын Жогорку Кеңешине депутат да болгон.
* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы кыргыз балеринасы, СССРдин Эл артисти Айсулуу Токомбаева Бишкек шаарында туулган. Ленинграддагы А.Я.Ваганова атындагы Мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-1995-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринен башкы партиялар бар. П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", А.Адандын "Жизель", Л.Минкустун "Дон-Кихот", М.Раухвергердин "Чолпон", В.Власовдун "Асел", К.Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны", У.Мусаевдин "Томирис", К.Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарган.
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы бразилиялык атактуу футболчу Роналдо (толук аты Луис Назарио де Лима Роналдо) Рио-де-Жанейродо төрөлгөн. Кезинде дүйнөнүн мыкты чабуулчуларынын катарын толуктаган Роналдо клубдук карьерасында “Крузейро” (Бразилия), ПСВ (Голландия), “Барселона” (Испания), “Интер” (Италия), “Реал” (Испания), “Милан” (Италия), “Коринтианс” (Бразилия) клубдарында ойногон. Европалык жана бразилиялык клубдардын курамында 384 ирет оюнга чыгып, 280 гол киргизген. Мадриддик “Реалдын” курамында 2 ирет Испаниянын чемпиондугун (2003, 2007-жылдары), 2 ирет УЕФАнын Суперкубогун утуп алган (2002, 2007-жылдары). 1994-2011-жылдар аралыгында Бразилиянын улуттук курама командасында ойноп, 98 оюнда 68 гол киргизген. Улуттук курама команда үчүн киргизген голдорунун саны боюнча экинчи орунда турат (77 гол киргизген Пеледен кийин). Улуттук курама команда менен 1994-жылы жана 2002-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алган. Дүйнө чемпиондуктарында 15 гол киргизип, 2006-жылы рекорд койгон. Анын рекордун 2014-жылкы Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда германиялык Мирослав Клозе жаңылаган (16 гол).
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы акциялардын арзандашына байланыштуу "Майкрософт" компаниясынын жетекчиси Билл Гейтстин байлыгы 22 миллиард долларга азайган. Бирок ал калган 63 миллиард акчасы менен деле "дүйнөнүн эң бай адамы" деген ордунан козголгон эмес.

Айсулуу Токомбаева Кыргызстан жаштар, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы, СССРдин Мамлекеттик сыйлыктарынын ээси. Улуу Британияда чыгуучу Эл аралык библиографиялык энциклопедиялык сөздүктө ("Кто есть кто?") анын аты-жөнү 1988-жылдан бери аталып, 1995-жылдан тартып Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография боюнча окутуучу болуп иштей баштаган.

Роналдо - ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамын 3 ирет алган саналуу футболчулардын бири. Бул жеке сыйлыкка ал 1996, 1997 жана 2002-жылдары ээ болгон. 2011-жылы 7-июнда Румыния менен болгон оюндан кийин салтанаттуу түрдө карьерасын жыйынтыктаганын жар салган.

22-сентябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.