super.kg logo

Нурбек Сыдыгалиев: “Ата Мекен” 24 жылда татыктуу орунду ээлеп, катарына мыкты инсандарды бириктире алды”

 

“Шайлоо жакындаган сайын жалпы кыргыз журтчулугунун жана мамлекетибиздин алдында биздин эртеңки келечегибиз үчүн эң жоопкерчиликтүү тарыхый тандоо мүмкүндүгү улам жакындап келе жатканын баса белгилегим келет. 4-октябрдагы шайлоо – өлкөбүздүн мындан аркы келечегин аныктачу күн, анткени алдыга койгон максаттар жана башталган иштердин аягына чыгар-чыкпасы так ушул күнү белгилүү болот”,- деп билдирди “ата мекенчи” талапкер Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районунда шайлоочулар менен жолугушууда.

Талапкер “Ата Мекен” партиясы жана анын программасы, максаттары тууралуу билбеген адам жок экенин, өлкөнүн эгемендүүлүгү менен жашташ партиянын карманган багыты, адилеттикти туу туткан позициясы, чындык үчүн күрөшүп келген аракеттери анын бүтүндүгүн сактап, улам сайын катарын бекемдеп келгендиги анын салмактуу партия экендигинен кабар берип турарын айтты.

“Ата Мекен” партиясы өткөн 24 жылдын ичинде өлкөбүздүн саясий аренасында татыктуу орунга ээ болуп, өз катарына сабаттуу, адискөй, принципиалдуу, эрки күчтүү, ыйманы таза нечендеген мыкты инсандарды бириктире алды”,- деп билдирди Сыдыгалиев.

Андан аркы сөзүндө талапкер: “Мен сиздердин уулуңуздар катары улуу жүрүшкө аттанып жаткан “Ата Мекен” партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам. Бул мен үчүн, биринчиден, милдет болсо, экинчиден, элимдин мага болгон зор ишеними деп билем. Сиздердин ал ишенимиңиздерди актоого да сиздердин көмөгүңүздөр керек болот. Ал эми сиздерден суранарым, жүрөгүңүздөр менен кеңешип, терең ойлонуп, татыктуусун тандаңыздар”,- деп жердештерин алдыдагы саясий өнөктүккө активдүү катышып, татыктуу добуш берүүгө чакырды.

“Ата Мекендин” Жумгалдагы жолугушуусуна 10 миңден ашуун эл чогулуп, жергиликтүү эл партия өкүлдөрүн өзгөчө шаан-шөкөт менен атчандарын коштоосунда тосуп алышканы айтылды. Жолугушуу узакка созулуп, суроо-жооп менен коштолгону, соңунда жергиликтүү аксакалдар партия лидери Өмүрбек Текебаевге жана “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан нарындык жаш талапкерлерге ак бата берип узатышканы айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: