super.kg logo

Жалал-Абадда жаран жасалма диплом менен иштеп жүргөнүн жашырыш үчүн милиционерге 20 миң сом пара сунуштаган жеринен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылындагы №68-кесиптик лицейинде 5 жылдан бери жасалма диплом менен иштеп жүргөн жаран мыйзамсыз ишин жашыруу үчүн милиция кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда 2010-жылдан бери адис болуп иштеп жаткан жаранды текшерүү учурунда буга чейин жасалма диплом менен жумушка орношуп, мамлекет тарабынан айлык акы алып, мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталган.

Бул кылмыш ишин иликтөө учурунда ал жарандын 2010-жылы Ош мамлекеттик университетин тарых адистиги боюна аяктаганы тууралуу диплому жасалма экени тастыкталып, андан соң кылмышка шектүү жаран өз күнөөсүн моюнуна алып, өзүнүн мыйзамсыз ишин жашыруу максатында милиция кызматкерине пара катары акча каражатын сунуштаган. Бул иш боюнча милиция кызматкерлеринен оперативдүү топ түзүлүп, жасалма дипломдун ээси 20 000 сом пара сунуштап жаткан жеринен 18-сентябрь күнү күбөлөрдүн катышуусу менен кармалган.

Учурда аталган факт боюнча "пара берүү" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, айыпталуучу соттун чечими менен үй камагына отургузулду. Бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап окуп диплом алып иштей албагандар же иштебегендер толтура.Эми бул байкуш кезинде окуганга шарты жок болуп калгандыр.Башы иштеген учун иштеп атат.Айлык коп болсо 8000 же 10.000 алаттыр.Кыргызстан да андан жогору кучтуу айлык деле жок.Эми бул адамга тийишпей эле койушпайбы.Андан коро кылмыш кылгандарды кармасын.Чондор деле журбойбу окуду деп диплом алып чет элден.Ким текшерип атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: