super.kg logo

Медеткан Шеримкулов: "Ата Мекен" парламенттик шайлоодо да, 2017-жылы президенттик шайлоодо да жеңишке жетишет"

 

“Ала кушту атынан чакыра турган болсок, эки жылдан кийин боло турган президенттик шайлоонун тагдыры негизинен ушул шайлоонун жыйынтыгына жараша болот”,- деп билдирди Медеткан Шеримкулов “Ата Мекендин” Жумгалдагы үгүт кербени учурунда шайлоочулар менен жолугушууда.

Анын билдиришинче, бул шайлоону кадимки шайлоо катары кароо туура эмес. Анткени өлкө кайда бет алат: демократияны өнүктүрүп, алдыга жылабы же кландардын бийлигин орнотуп, авторитаризмге кайрылып барабы, ушул шайлоодо белгилүү болору айтылды.

“Ата Мекен” партиясы 4-октябрдагы шайлоодо жеңишке жетишүүсү зарыл. Андан соң биз президенттик шайлоодо да жеңишке жетишебиз!”- деди Медеткан Шеримкулов.

“Ата Мекендин” маалымат кызматынын билдиришинче, үгүт сапары бүгүн Талас облусуна бет алды. Сапардын алкагында Өмүрбек Текебаев баштаган талапкерлер Таластын бир катар райондорунда шайлоочулар менен жолугушмакчы.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: