super.kg logo

"Чыгыш электр" 8 айда 883 миллион сом чогултканы айтылды

 
"Чыгыш электр" ишканасы быйылкы жылдын 8 айында 883 миллион 800 миң сом чогултту, бул былтыркы жылдын 8 айындагы суммага салыштырмалуу 68 миллион 900 миң сомго көп. Энергетика жана өнөр жай министрлигинин билдиришинче, ишкананын жалпы абоненттеринин карызы учурда 372 миллион 200 миң сом. 8 айдын жыйынтыгында "Чыгыш электрге" 1 миллиард 24 миллион 100 миң киловатт-саат электр энергиясы келип түшкөнү, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 84 миллион 800 миң киловаттка аз экени айтылды. 
"Электр энергиясын колдонуу эрежелерин бузуу фактылары боюнча 31,6 миллион сом суммасында 2607 акт түзүлгөн. Мекемелер боюнча 249 акт, жөнөкөй абоненттер боюнча 2358 акт түзүлүп, жалпы 6,4 миллион сом өндүрүлдү",- деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: