Бишкекте Мамлекеттик желек күнү белгиленди































Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаарында Мамлекеттик желек күнү белгиленди. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында өткөн майрамдык иш-чара КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан уюштурулду. Салтанатка вице-премьер-министр Камила Талиева, аталган министрликтин башчысы Алиясбек Алымкулов шаар башчысы Иса Өмүркулов, студенттер жана шаар тургундары катышты. Желек күнүн белгилөө төкмө акындардын, эстрада ырчыларынын коштоосу менен өттү. Ошондой эле Улуттук Гвардиянын аскерлери да майрамдын көркүн ачышты.
Маалымат үчүн: КРнын Мамлекеттик желеги 1992-жылы, 3-мартта кабыл алынган. 5-мартта желек биринчи жолу Өкмөт үйүндө абага көтөрүлгөн.
Бишкекте Мамлекеттик желек күнү белгиленди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

