super.kg logo

Өкмөт жооп берет: Өзүм I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катары пенсия алам, 4 балама жөлөк пул ала аламбы?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен Кара-Буура районунан болом, аты-жөнүм - Бактыяр Алишеров. I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаранмын, 4300 сом пенсия алам. 4 балам бар. Балдарыма жөлөк пул ала аламбы? 2014-жылы "пенсия алган адамдын пенсиясы үй-бүлөлүк бюджетке кирбейт" деген мыйзам кабыл алынды эле. 2015-жылдын 1-январында бул мыйзам күчүнө кирмек. Ушул мыйзам жөнүндө кененирээк маалымат бере аласыздарбы?

Жооп: - Пенсияны үй-бүлөнүн жалпы кирешесине кошпоо тууралуу мыйзам чыга элек. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.

Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.09.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
810сомго ушу жооп берген адам озу жашап корсунчу биринчи.
23.09.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suhrab.kg, саламатсызбы!
Сиз кайсыл бөлүмгө сурооңузду калтырдыңыз эле, шилтемесин берсеңиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: