Ошто эшектер багылган ишкананын ээси Сун Гуо Жан милицияга түшүндүрмө берди

Ош шаарында эшектер багылган ишкананын ээси милицияга түшүндүрмө берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын түндүк тарабында жайгашкан, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу (мурдагы жибектен кездеме токуучу комбинаттын аймагы) аймакты текшерген учурда, 132 эшек короо ичинде багылып жаткандыгы, алардын ээси Кытай Эл Республикасынын жараны, 1969-жылы туулган Сун Гуо Жан экендиги аныкталды.
"Аталган кытайлык жаран өз түшүндүрмөсүндө Кытай-Кыргыз биргелешкен ишканасынын ээси экендигин, буларды Кытайга экспорттоо үчүн акыркы алты күндүн аралыгында гана аймактын элинен ар бирин орточо 2000 сомдон сатып алып жаткандыгын, эшектерди Кытайга алып кете тургандыгын айткан. Ошондой эле буларды чогултуу, экспорттоо үчүн бардык уруксат кагаздары бар экендигин билдирген. Бирок ал кагаздар башка бир жердешинде экендигин айтып, документтерди көрсөтө элек.
Милиция кызматкерлери аталган аймактарды толугу менен кыдырып көрдү, мал союлган жерлер аныкталган жок. Териштирүү улантылууда",- дешти Ош ШИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
1

Комускодо эшектер союлуп сатылып эле келе жатат. Бироонун бизнесин жон эле бузуп талкалап жиберебиз.
Иттин этин ачык эле союп сатып жатпайбы, ага эч кандай ызы чуу чыгарбайбыз. Иши кылып бир кызык элбиз