super.kg logo

“Ата мекенчилер” Таластагы “Манас Ордо” комплексинде болушту

 

“Ата Мекен” партиясынын үгүт кербени Талас облусунда уланууда. Бүгүн, 22-сентябрда партия лидери Өмүрбек Текебаев баштаган талапкерлер Талас шаарында жайгашкан “Манас Ордо” мемориалдык комплексинде болушуп, Манас атанын арбагына багыштап куран түшүрүшкөнүн партиянын маалымат кызматы билдирди. Талапкерлер комплекстин ичине кирип, тарыхый баалуулуктар менен таанышышканы айтылды.

Үгүт кербенинин алкагында Өмүрбек Текебаев өлкөнүн ар бир жараны өз өлкөсүнүн тарыхын жана каада-салттарын, маданиятын билүүгө тийиш экенин белгилеп: “Биз, улуу муундагылар, патриоттук сезимдерди ойгото турган кадамдарыбыз менен жаштарга үлгү болууга тийишпиз. Өз элибиздин улуттук баалуулуктарын баалап-барктап, тарыхын аздектөө - башкы милдетибиз”,- деп билдирди.

“Ата мекенчилердин” Талас шаарынын жашоочулары менен жолугушуусу кечкиге пландалган. Анда эл партиянын программасы жана платформасы менен таанышары айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: