super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футболчуларын уткан Оман, Непал курамалары жана дагы 14 команда Азия чемпиондугуна жолдомо алышты (тизме)

 
Омандын өспүрүмдөр курама командасы
Непалдын өспүрүмдөр курама командасы

2016-жылы Индияда өтө турган футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун бардык 16 катышуучусу белгилүү болду. Анын 11и тандап алуу турунда тайпаларында 1-орунду ээлегендер. Ошондой эле бардык тайпаларда 2-орунду ээлеп калган командалардын көрсөткүчтөрү, гол катыштыктары эске алынып, мыкты делген 4 командага да жолдомо берилди. Үй ээси Индия, жобого ылайык, тандоо туруна катышпай туруп мелдешке жолдомо алды.

Кошумчалай кетсек, “В” тайпасында өткөн тандоо турунда кыргыз футболчулары Оман, Непал жана Иордания менен ойногон. Жыйынтыгында тайпада Оман менен Непал алтыдан упайга ээ болгон. Бирок киргизген голдордун саны көп болгонуна байланыштуу Оман 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугуна түз жолдомо алган. Ал эми Непал 2-орунду ээлегендердин ичинен мыктылардын катарында болуп, Индияга акыркы жолдомону илип кетти.

Катышуучулардын тизмеси:

1. Индия (үй ээси)

2. Өзбекстан (“A” тайпасынын жеңүүчүсү)

3. Оман (“B” тайпасынын жеңүүчүсү)

4. Ирак (“C” тайпасынын жеңүүчүсү)

5. Сауд Арабия (“D” тайпасынын жеңүүчүсү)

6. Иран (“E” тайпасынын жеңүүчүсү)

7. Кувейт (“F” тайпасынын жеңүүчүсү)

8. Малайзия (“G” тайпасынын жеңүүчүсү)

9. Түндүк Корея (“H” тайпасынын жеңүүчүсү)

10. Түштүк Корея (“I” тайпасынын жеңүүчүсү)

11. Австралия (“J” тайпасынын жеңүүчүсү)

12. Япония (“K” тайпасынын жеңүүчүсү)

13. Вьетнам (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген)

14. Таиланд (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген)

15. Бириккен Араб Эмираттары (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген)

16. Непал (мыкты жыйынтык менен 2-орунду ээлеген) 

Өзүңүздөр байкагандай, кыргыз футболчулары ойногон "В" тайпасында алдынкы 2 орунду ээлеген Оман жана Непал курамалары Азия чемпиондугуна жолдомо алышты. 
Мелдеш жадыбалы: 

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Оман

3

6

2

Непал

3

6

3

Кыргыз Республикасы

3

3

4

Иордания

3

3






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.09.2015. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан кайда калды?
23.09.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызтандын курама командаларга ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: