Ленин районунда кургак учукка каршы бир айлык жарыяланды
Бишкек шаарынын Ленин районунда кургак учук илдетине каршы күрөшүү боюнча бир айлык жарыяланды. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, март айында кургак учуктун алдын алуу жана жуктуруп алганда кандай чараларды колдонуу керектиги тууралуу элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары аталган ооруга каршы ар кандай спорттук мелдештер уюштурулмакчы. Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында №2-кургак учукту дарылоочу жаш балдар ооруканасына китептерди, окуу куралдарын, оюнчуктарды жана башка керектүү буюмдарды алып берүү боюнча акция өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

