super.kg logo

Таласта дизель майын мыйзамсыз ташып бараткан 2 айдоочу кармалды

 
Таласта дизель майын мыйзамсыз ташып бараткан 2 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан 23-сентябрда билдиришти. 
Маалым болгондой, ИИМдин 5-Башкы башкармалыгынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде 22-сентябрь күнү таңкы саат 04:00 чамасында Талас шаарынын чыга беришинен 56 тоннадан ашуун дизель отунун ташып бараткан Рено-Премиум жана Хово жүк ташуучу унаалары токтотулган. Текшерүү учурунда тийиштүү документтери жок болуп чыкты.

Унаа ээлери дизель отуну Медет аттуу жаранга таандык экенин жана бул дизель отуну Манас районундагы айылдардын бириндеги базадан куюлуп, республиканын түштүк тарабына жиберилип жатканын айтышкан.

Бул факт боюнча документтер толтурулуп, Талас ОИИБине каттоого алынып, тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: