super.kg logo

Каныбек Иманалиев: "Кыргыз тили бай, жылкынын сымбаты орус тилинде 18-20 сөз менен сүрөттөлсө, кыргызча 800 сөз менен көркөмдөлөт"

 

“Биз, кыргыз эли, дүйнөдөгү бактылуу элдердин бирибиз. Себеби дүйнөдө жети миңге чукул тил, эки жарым миң улут бар болсо, анын ичинен 192 улут гана өз суверенитетине ээ. Биз ошол өз эгемендигине ээ болгон улуттун бирибиз”,- деп билдирди “ата мекенчи” талапкер Каныбек Иманалиев 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата.

"Ата Мекендин" маалымат кызматынын билдиришинче, талапкер кыргыз тилинин улуулугу тууралуу: "Ар бир улут өз эне тилин ыйык деп эсептейт, себеби ал эненин сүтү менен келет. Өмүр бою ошол тили менен адам болуп жашайт. Деген менен тилдин эң байыркылыгын далилдей турган лингвисттер арасында мыйзам ченемдүүлүктөр бар...”- деп белгилөө менен кыргыз тилинин поэтикага бай тил экенин айтты.

“Жылкынын сымбаты орус тилинде 18-20 сөз менен эле сүрөттөлсө, кыргыз тилинде 800 сөз менен көркөмдөлөт. Ал эми байыркы кыргыз турмушунун негизги куралы болгон жебенин жүздөн ашык аталышы бар экен. Бирок биз ашып кетсе 3-4 түрүн гана билебиз. Азыркы күндөгү бирден-бир күчтүү аскердик держава болгон Орусиянын аскердик куралдарынын сөздүгү жүзгө чукул эле терминди камтыса, "Манаста" согуш куралдарынын эле 220 түрү бар”,- дейт Иманалиев.

Маалыматка таянсак, талапкер бала төрөлсө бешик ырын угуп уктап, сыркоолосо ырым-жырым, дарым ырлары менен дарылап, тамашага салса акыйнек менен, сүйсө күйдүргөн ырлар менен билдирип, жылкы кайтарса "Шырылдаң" айтып эрикпей, эгин эксе "Оп-майда" ырдап эрмек кылып, жаштар үлпөт ырларын созсо, карыялар санат-насыят ырларын нускап, өлүм алдында керээзин да ыр менен айтып, жамандыкта да ыр менен угузган кыргыз эли ыр жандуу эл келери, "Манастай" улуу океанды жараткан кыргыз тилинин орду зор экенин белгиледи.

“Тил эч убакта зордук-зомбулук менен өнүкпөйт. Тилдин өнүгүүсү үчүн эң негизги өбөлгө – бул улуттун аң-сезими, улуттук руху. Анан өлкөдөгү саясий жагдай. Тилдин эркин өсүп-өнүгүүсү үчүн саясий, экономикалык, укуктук бөгөттөр болбошу керек. Тилге саясий кысым көрсөтүү кайра башка бир улуттун кыжырдануусун алып келиши мүмкүн“,- дейт Иманалиев.

"Ата мекенчи" кыргыз тилинин Кыргызстанды башкаруу тилине айлануусу олуттуу маселе экенин, бул үчүн маанилүү мамлекеттик иш-чаралар, мамлекеттик иш кагаздары жана мыйзамдар эң биринчи кыргыз тилинде жазылышы керектигин белгилегени айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: