Болот Шер: “Ата мекенчилерди” мыйзамсыз соттошту, кылмыш иштерин козгошту, жамандашты, бирок сындыра алышкан жок"




“Ата мекенчилердин” өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болор тирөөчү – эл. Биз артыбызда ушундай чоң күч турганы менен сыймыктанабыз”,- деп билдирди Болот Шер “Ата Мекендин” мүчөлөрүнүн Талас эли менен жолугушуусунда.
Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, 20 миңдей жашоочунун алдында Болот Шер Манас баатыр жердеген Талас жеринен чыккан залкарларга токтолду. Бул касиеттүү жерден ааламга аты белгилүү Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев сындуу инсандар чыкканын, алардан кем калышпаган азыркынын азаматтары Талас элинин сыймыгы экенин белгиледи.
“Ата мекенчилердей” болуп бийликтен корпой-үркпөй, сес көрсөткөн бир да партия жок. Адилеттик, чындык үчүн иштеген аракетибизди көрө албагандар “ата мекенчилерди” мыйзамсыз, ак жеринен күнөөлөп, соттошту, наркотик салып беришти, кылмыш иштерин козгошту, кара пиар уюштурушту, жамандашты. Бирок сындыра алышкан жок. “Ата Мекен” өзү карманган позициясынан, карапайым элди коргоодон артка кайткан жок. Ошон үчүн “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болгонума, сиздер менен кыйын кездерде бирге болгонума сыймыктанам”,- деди Шер.
Маалыматка таянсак, 7-апрелдеги революциянын башатында Талас эли турганын айткан талапкер ошондогу кыйчалыш мезгилди эскерди.
“Кландык бийликтин запкысына чыдабаган таластыктар алгачкылардан болуп ага каршы митинг уюштурушту. Ал эми Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт өлкөнү революциядан кийинки кыйынчылыктан сууруп чыкты. Демек, өз элинин кызыкчылыгын кийинкиге койгон бийликти түп-тамыры менен жок кылууга таластык азаматтардын салымы зор болгонун белгилей кетүүбүз парз”,- деди "ата мекенчи". Ошондой эле ал Талас эли, жери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө абдан зор салым кошуп келе жаткан аймак экенин кошумчалады.
“Ата Мекендин” Талас жериндеги шайлоочулар менен жолугушуусу жогорку деңгээлде өтүп, Болот Шер, Садык Шер-Нияз баштаган “ата мекенчилердин” жоон тобун таластыктар өзгөчө кубаттап тосуп алып, жылуу узатышканы айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



