super.kg logo
  Саясат  

Президент өлкөбүздүн элин Курман айт майрамы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда мамлекетибиздин элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири  – Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кылымдан кылымга кастарлап, муундан муунга уланып келаткан Курман айт майрамы ниетти тазартууга, пейилди агартууга багыттайт. Көптү баштан кечирген көрөңгөлүү элибиздин уңгусун бекемдеп, кайрымдуулукка, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат.

Ушул күнү курмандык чалынып, кайрымдуулук, соопчулук иштери жасалат. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, улууларга урмат көрсөтүп, келечекке жакшы ниет кылабыз. Ылайым Алла Таала мекендештерибиздин кайрымдуулук иштерин кабыл кылсын! Ажылык сапарда жүргөн мекендештерибиздин көздөгөнү кабыл болуп, жергебизге аман-эсен кайтып келишсин.

Жараткан элибизге ынтымак жана жерибизге береке берсин!

Айтыңыздар маарек болсун!"






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: