super.kg logo
  Саясат  

Тамчыдагы аэропорт жакында толук кандуу эл аралык аэропортко айланарын айтты мамлекет башчы

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 23-сентябрда Ысык-Көл районунун жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын жашоочулары менен жолугушту.

Облустун инфраструктурасын жакшыртуу тууралуу пикирин билдирген президент Бишкек-Балыкчы-Казарман альтернативдик унаа жолун куруу мындан кийин Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу улантыларын, Тамчы айылындагы аэропорт жакынкы жылдары күнү-түнү аба кемелерин кабыл алуучу толук кандуу эл аралык аэропортко айланарын айтты.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолдун курулушунун аякташы Балыкчы шаарын толук кандуу логистикалык борборго айлантарын кошумчалады. Мектептердин жетишсиздиги тууралуу суроо берилгенде, президент жакынкы эки жылдын аралыгында “Жер-Үй” кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен бардык авариялык абалдагы мектептер оңдоодон өтүп, жаңы мектептер курулуп, өлкөдө мектептердин тартыштыгы толук чечилерин айтты",- деп билдиришти президенттик аппараттан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: