super.kg logo

“Ата мекенчилер” Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушту

 

“Ата Мекендин” үгүт кербени 23-сентябрда Токтогул районунда болду. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, талапкерлер Медеткан Шеримкулов, Садык Шер-Нияз, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Гүласал Садырбаева, “Жаңы муундун” өкүлү Мавлян Аскарбеков жана башкалар жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Партиянын программасы жана платформасы менен таанышууга 2 миңдей адам чогулганы, сот реформасын ишке ашыруу зарылдыгы, энергетика тармагындагы абал тууралуу сөз болгону айтылды. Токтогул аймагы кыргыз энергетикасынын мекени экендиги белгиленип, Токтогул ГЭСи өлкөнүн бүтүндөй аймактарын гана эмес, чектеш жайгашкан кошуна өлкөлөрдүн калкын да электр энергиясы менен камсыз кылары белгиленди.

“Республиканы электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо аны өнүктүрүүнүн маанилүү фактору болуп саналат. Тилекке каршы, соңку 20 жыл ичинде Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөдөн импорттоочу өлкөгө айланды. Энергетика тармагында коррупциялык схемалар дагы деле сакталууда. Жаңы чакырылыштагы парламент ушул жана башка маселелерди чечүүгө тийиш”,- деди Медеткан Шеримкулов.

“Ата мекенчилердин” кезектеги жолугушуусу бүгүн кечинде Чүйдүн Сосновка айылында өтөрү айтылат маалыматта.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 



кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: