super.kg logo

20 жыл мурун кызмат учурунда жаракат алган милиционер батир алчулардын тизмесинен белгисиз себептерден чыгарылганын айтты

 

Бүгүн, 23-сентябрдагы маалымат жыйынында ИИМдин мурунку кызматкери, 2-топтогу майып Шерлан Шаршенов батир алчу милиционерлердин тизмесинен чыгып калганын билдирди.

Ал 1995-жылы Нарында милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн учурда башынан оор жаракат алганын айтты.

"Чакыруу түшүп, баңгилер чогулган жерге барганда бирөө мени чапты. Ким экенин көрбөй калдым. Эч ким көңүл буруп, иш козгогон жок. Бир жылдан кийин ооруканага жатып, операция жасалды. Башыма аппарат коюлду",- дейт Ш.Шаршенов кызмат үстүндө алган жаракаты тууралуу. 

Үй-бүлөсү менен көп жылдан бери Бишкекте батирде ижарада турганын кошумчалап, батир алуу үчүн кезекке турганына да бир топ жыл болгонун билдирди. "1997-жылы батир алуучу катары тизмеге киргизишти, бирок Бишкекке келгенде тизмеде жок болуп чыга келдим. ИИМден "Нарынга барып кезекке туруп келиңиз" дешкенде, ал жактагылар "Нарынга 100 жылда үй салынган эмес, мындан ары да салынбайт" деп күлүп жатышат. 

Ден соолугума байланыштуу борбор калаада жашап турам. ИИМдегилер Нарынга жиберишет, алгач Мамлекеттик каттоо кызматынан, кийин "өлкө аймагында турак жайы жок" деген маалым кат алып кел деп ары-бери жөнөтүп жатышат. 7 айдан бери үнүмдү эч ким укпай жатат. Атайын түзүлгөн комиссия август айында берилбейт деген чечим чыгарыптыр",- деди милициянын мурунку кызматкери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.09.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМ оз кызматкерлерине эч качан кош конул карабаш керектигин билип туруп,неге мына бул жагдайга жол бергенине жоопту мен да кутоор элем?!
23.09.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нерсе умут этип атышатда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: