СДПК: "Кыргыз тили – тынчтык менен ынтымакка данакер"
СДПКнын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарды 23-Сентябрь - Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну мындай:
"Мекени жок эл жетим дейт эмеспи. Ошондой эле мекени жок тил да жетим. Чейрек кылым бою кыргыз тил боюнча айтпаган киши, кыйкырбаган саясатчы калган жок. Бирок ишке келгенде бири-бирине түртө салып келишкени да жашыруун эмес. Быйыл президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен жумушчу топ түзүлүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынды, аны жетектөө жана ишке ашыруу СПДК фракциясынын башчысы, мага жүктөлдү. Программа кооз жазуу түрүндө кагаз бетинде калбашы үчүн быйыл бул максатка мамлекеттик казынадан 243 миллион сом бөлүндү. Тарыхта буга чейин мынчалык ири каражат каралган эмес.
"Кыргыз тест" системи иштей баштады. Ага ылайык, бардык мамлекеттик чиновниктер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш.
Ошону менен катар биз өлкөбүздү байырлаган башка улуттардын да тилдеринин өнүгүшүнө шарт түзүп жатабыз. Келечекте Кыргызстанга үч тилдүүлүктү киргизебиз. Азыркы ааламдашуу шартында көп тилдүүлүк кадыресе талап болуп калды.
Кыйла жылдан бери "Кыргызстан мамлекет болуудан калды, кыргыз тили байланыш жасоого кудуретсиз" деп кулакка куюп келишти. Кыргызстаныбыз ыдыраган жок, кыргыз тилинин кудурети күн сайын өсүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз.
Дүйнөлүк мураска “Манасты” берген элдин тили эч качан көөнөрбөйт, өлбөйт. Кыргыз мамлекети да, кыргыз тили да түбөлүктүү!"
Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын башчысы
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

