"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады




"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Курман айтыңыздар менен!
Ар бир элдин абалтадан аздектеп ыйык туткан, кандай кыйын кезең күндөр болсо да унутпаган каада-салты бар. Кыргыз эли да башка мусулман калктары сыяктуу эле кылымдардан бери ар жылы Орозо айт, Курман айт деп аталган ыйык майрамдарыбызды чыдамсыздык менен күтүшөт жана аруу тилек, ак ойлор менен өзгөчө белгилешет.
Өлкөбүз ушул тапта чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Ошондуктан элибиз кандай күн болсо да, күтүлүп жаткан саясий маанилүү окуя тынчтыкта, биримдикте жана чырсыз майрамдык маанайда өтсө деген ойдо. Улуу Курман айт майрамынын алдында сиздердин ошол тилегиңиздер кабыл болушун каалайм.
Эгемендүү Кыргызстаныбыз гүлдөп-өссүн, элибиз эч бир жамандык көрбөй, бакубат жашасын. Жаштарыбыздын келечеги кең, асманы ачык болсун!
Күндөн-күнгө, айдан-айга, жылдан-жылга баарыбыз бирге бололу. Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр тилейм. Айтыңыздар маарек болсун!"
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



