super.kg logo

“Ата Мекен”: "Эч кандай партия адам өмүрүнүн алдында түккө арзыбайт"

 

"Ата Мекен" партиясы Таш-Көмүр шаарында мектеп окуучуларынын тоодон кулап, биринин каза болушуна байланыштуу бүгүн, 23-сентябрда билдирүү жасады. Маалыматта булар айтылат:

"Таш-Көмүр шаарында жүрөк үшүн алган окуя катталды. Эки бала тоодон кулап, бири ошол замат каза тапса, экинчисинин колу сынган. “Ата Мекен” партиясы бул окуя боюнча баласын жоготкон ата-энелерге көңүл айтат, ал эми оор жаракат алган баланын тезирээк сакайып кетишин тилейт.

Ушул кырдаалда мындан башка айтар кеп жок болсо керек. Эгерде бул бир гана жагдай болсочу... Бул трагедиялуу окуяны саясий оюнга аралаштырган адамдар чыга калганы өкүнүчтүү. Балдар тоого жөн эмес, “Ата Мекендин” баннерин чечебиз деп чыгышканын айта башташты. Тыңсынган айрым ММКлар уулун жоготуп, кан жутуп отурган энеден интервью алып, анын баласынын өлүмүнө баннерди жана “Ата Мекен” партиясын күнөөлөгөн сөзүн жаздырып алганга үлгүрүшкөн.

Биз муну саясий атаандаштарыбыздын колунан келген иш деп баалайбыз. Бардык нерседен саясат жасоого болот. Бирок кандуу окуяны саясатка аралаштыруунун кажети жок. Кудайдан коркуу деген болуш керек, ал баарын көрүп турат!

Дагы бир кемчиликти байкоого болот. Биз билгенден, республика боюнча “Ата Мекен” партиясынын гана эмес, башка партиялардын да үгүт баннерлери чечилип жатат. Бүгүн эле Бишкек шаарында биздин партиянын баннерин чечип жаткан жеринен бир киши кармалды. Ал кайсы бир партияга сатылып, акча үчүн ушул кадамга барып жатканын моюнуна алды. Бул иш боюнча партия милицияга арыз менен кайрылды.

Демек, биздин саясий атаандаштарыбыз “Ата Мекен” партиясынын үгүт материалдарын жок кылуу боюнча акча төлөп жатышканын байкоого болот. Мындан улам суроо жаралат: жанагы балдарга "партиянын баннерин чечкиле" деп акча карматып жиберишкен жокпу? Эгерде Бишкек шаарында мындай иштерге адамдарды сатып алуулар катталып жатса, эмне үчүн Таш-Көмүрдө болбосун? Эгерде чын эле ушундай болсо, анда эл абдан олуттуу катачылыкка жол берген болот, аларга кечирим да жок.

Өз кезегинде “Ата Мекен” партиясы укук коргоо органдарына кайрылып, Таш-Көмүрдөгү кайгылуу окуяга байланыштуу ишти тыкыр иликтеп чыгуусун жана күнөөлүү тарапка тийиштүү жаза көрүлүшүн талап кылат.

Ошондой эле “Ата Мекен” партиясы шайлоо өнөктүгүнө катышкандардын баарына кайрылып, адамдык жүздү сактоого чакырат. Саясий айдыңда ыплас ыкмаларды колдонбой, чыныгы атаандаштыкта күрөшкүлө! Анан да балдарды мындай иштерге аралаштыруудан алыс болуп, аларды тынч койгула.

Ал эми оор жаракат алган балага “Ата Мекен” партиясы каржылык жактан жардам берип, дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөп берет".

“Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматы 

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: