ЭЛДИК КАБАР: Ноокатта үч эм төрөлдү

Бүгүн, 23-сентябрда эртең менен Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында 3 эм төрөлгөнүн жана алар кыздар экенин окурман SUPER.KG порталына WattsApp аркылуу билдирди.
"Энеси 1979-жылы туулган. Буга чейин ал эки уул жана бир кызды төрөгөн. Бүгүн ымыркайлардын бири саат 8:05те, экинчиси 8:10до, үчүнчүсү 08:15те төрөлгөн. Наристелердин жана эненин абалы жакшы",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
12

элибиздин саны жеткис жылдыз болсун
бакыт бакыт бакыт!!!!
Омурлуу, ыймандуу болушсун иншаа АЛЛААХ...
Жараткан