super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Жусуп Абдрахмановдун кызынан жана Ысык-Көлдө 14 жаштагы кызды суудан куткарып жатып чөгүп кеткен жарандын үй-бүлөсүнөн кабар алды

 
Бүгүн, 24-сентябрда Курман айт майрамына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахмановадан кабар алды. Ошондой эле Ысык-Көлдө 14 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарып жатып курман болгон Памир Исмаевдин үйүндө болду. Премьер-министр өкмөт тарабынан бөлүнгөн акчалай каражатты тапшырып, өзүнүн атынан да жардам көрсөттү. Темир Сариев Памир Исмаевдин балдарын өкмөт камкордукка аларын убадалады. П.Исмаевдин жашы жете элек 4 баласы бар, жубайы бешинчи баласын күтүп жаткан. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы жарыялады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: