"Бишкектеги кафеге жардыруучу зат коюлган" деген маалымат жалган болуп чыкты
Бишкекте Спорт Ордосунун тушунда жайгашкан кафеден жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч органдардагы өздүк булактар билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, саат 20:30 чамасында кафеге белгисиз адам телефон чалып, коюлган бомба тууралуу кабарлаган. Андан соң кафенин өкүлдөрү милиция менен байланышып, бул маалыматты билдиришкен. Укук коргоо түзүмдөрүнүн кызматкерлери тамактануучу жайдагы адамдардын баарын сыртка чыгарышып, кафени курчоого алышкан. Сапёрлор анын ичинде издөө жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу затты табышкан жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.