super.kg logo

Ошто Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңеште курмандык чалынды

 

Ош шаарында Курман айт майрамынын урматына бардык 13 аймактык кеңеште курмандык чалынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрь күнү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аймактарга кара малдан курмандык союу үчүн Ош шаарынын мэринин фондунан ар бир аймакка 60 миң сомдон, жалпысынан 780 миң сом каражат бөлүнгөн.

Мэр Айтмамат Кадырбаев шаардыктарды Курман айт майрамы менен куттуктап, №1-“Туран”, №12- “Курманжан датка”, №3-“Сулайман-Тоо”, №9-“Амир-Темир” аймактык кеңештерине барды. Анын негизинде көзү өткөндөрдү эскерип куран окулду жана аймактык тургундарга майрамдык дасторкондор жайылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: