super.kg logo

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекцияда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысы аныкталды. Бул тууралуу 25-сентябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, дирекция 2012-жылы Караколдогу №4-орто мектепти капиталдык оңдоп-түзөө жана жылуулук системин алмаштыруу боюнча тендер өткөргөн. Жыйынтыгында "Канат Курулуш" ишканасы менен 9 408 749 сомго келишим түзүлүп, көрсөтүлгөн акча каражаты ишкананын эсебине өткөрүлгөн.

2015-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектепти кабыл алуу үчүн атайын комиссия иш алып барып, көз карандысыз эксперттер оңдоо иштерине керектелген материалдардын саны актта көрсөтүлгөндөрдүн санына дал келбегенин айтып чыгышкан. Натыйжада капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2 140 245 сомго ашыкча аткарылганы аныкталган.

Бул боюнча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызматкерлерине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "коммерциялык жана башка уюмдарда иштеген кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу", "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.09.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
долясын бербей койгонго
25.09.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
№ 4 мектеп бир аз озгорбосо ошол бойдон эле турат андан коро ошол акчага жаны мектеп салса пайдалуу болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: