super.kg logo

Ысык-Атада 700 литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан Хундай Портер кармалды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Хунчи айылынын жанында 700 литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан Хундай Портер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күйүүчү майды ташууга тиешелүү документтер айдоочуда жок болгон. Суракта ал күйүүчү майды 29 сомдон сатып алганын айтты. Сатып алынган жайдын аймагында милиция кызматкерлери көлөмү 2 миң литрден ашуун чоң темир идишти табышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө бул жай 1989-жылы туулган Кара-Балта шаарынын А.Э. аттуу тургунуна таандык экени аныкталды. Ал күйүүчү майды Казакстандан сатып алып келгенин билдирди. Кыргыз өлкөсүнүн аймагында күйүүчү майды мыйзамсыз сатуу боюнча материалдар Чүй облустук прокуратурасына тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
70 тонна корунбойт козго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: