Жумгалда 9-класстагы Эркинбекти жүрөк тушка катуу уруп, өлүмгө жеткирген бала СИЗОдо отурат
Маркум Жекшенбек уулу Эркинбектин классташтары

19-сентябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти өлтүргөн деп шектелген 11-класстын окуучусу Ж.Т. СИЗОдо отурат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына аталган райондун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда соттук-медициналык иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы 28-29-сентябрда чыгышы күтүлүүдө. Мындан тышкары аталган факт боюнча Жумгал райондук жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө иштери уланууда. Ошондой эле жергиликтүү милиция окуу жайлардын жетекчилиги жана окуучулардын ата-энелери менен биргеликте мушташтардын алдын алуу иштерин өткөрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
4

мыкаачыланып ар кимге күчүн көрсөтүп сыра ичимдигин алдырп жада калса бирөөнүн үшүтпөй багып жүргөн баласын өлтүрүп койду акмак!
башкаларда аа өлтүсөда 2-3айда чыгып алды деп каалаганча эркин басышат бир отоло камап салса ошондой окуянын аягы тыялса керек!
erkinbektin ata enesine konul aitam sabyr kylynyzdar