"Спорт Ордосунун тушунда жайгашкан кафеде жардыруучу зат бар" деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды
"Бишкектеги Спорт Ордосунун тушунда жайгашкан кафеде жардыруучу зат бар" деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу 25-сентябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, 24-сентябрь күнү кечинде кармалган жаран саат 20:30 чамасында кафеге телефон чалып, жардыруучу зат коюлганы тууралуу кабарлаган. Андан соң сапёрлор анын ичинде издөө жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу затты табышкан эмес. Бүгүн Бишкек ШИИББинин 10-Башкармалыгы менен УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, Д.Б. аттуу жаранды кармашты. Учурда ага жалган маалымат таратканы үчүн кылмыш ишин ачуу боюнча маселе чечилүүдө. Ал 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.