super.kg logo

СДПКнын талапкерлери Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту (фоторепортаж)

 
СДПКнын талапкерлери Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууга партия лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Асылбек Жээнбеков баштаган талапкерлер катышып, партиянын максаттары тууралуу айтып беришти. Шаардыктарга концерттик программа тартууланды.
"Баарыбыз өнүккөн Кыргызстанды көргүбүз келет. Бүгүнкү күндө ишке ашырылган инфраструктуралык долбоорлорду, социалдык кайра түзүлүштөрдү жана экономикалык өсүштөр аркылуу Кыргызстан кантип бутуна туруп жатканын көрөбүз. Дал ушул СДПК парламенттеги 5 жылдык иши учурунда өнүгүп жаткан Кыргызстандын пайдубалын түптөдү",- деди Чыныбай Турсунбеков. 
Талапкер СДПК шайлоо алдында 2010-жылы берген убадаларын аткарганын жоопкерчиликтүү түрдө айта аларын кошумчалады. 
"2010-жылы демократиялык жол менен легитимдүү бийлик органдары түзүлдү. Апрель, Июнь окуяларынан кийин чек аралардагы тышкы блокада алынды, коррупция менен келишкис күрөш башталды. Партиянын көз карашын эске алуу менен Кыргызстанды 2017-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегия иштелип чыгып, кабыл алынды",- деп билдирди партия лидери. 

Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 


 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: