Асылбек Жээнбеков: "Кандай кыйын учур болбосун, СДПК өз принциптеринде бекем турду"
"Кандай кыйын учур болбосун, СДПК өз принциптеринде бекем турду",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Асылбек Жээнбеков Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жолугушууда. Партиянын маалымат кызматы билдиргендей, талапкер СДПК 2010-жылы элге берген убадаларын аткарганын айтты.
"Силер гана мамлекеттин негизин түзөсүңөр жана акыркы беш жылдын ичинде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого силер жардамдаштыңар. Партиянын 23 жылдык ишмердүүлүгүндө биз силерге гана таяндык. Силер биз оппозицияда жүргөн кыйын күндөрдө бирге болдуңар, биздин биринчи ийгиликтерибизге силер кубандыңар. Биз эч качан өзүбүздүн принциптерден жана позициябыздан артка чегинген жокпуз. Бул принцип жөнөкөй: Биз Кыргызстандын эли үчүн!"- деди Жээнбеков.
Талапкер СДПК убада берип, бирок аларды аткарбаган партиялардын катарында эмес экенин белгиледи.
"Бүгүн биз силерге жасаган иштерибиз жөнүндө гана айтып жатабыз. 2010-жылы жана парламенттеги ишмердүүлүк учурунда СДПКга өлкөнүн эң прогрессивдүү күчтөрү бирикти. Биз туруктуулукту сактадык жана бекемдедик. Элге берген убадаларыбызды аткардык. Энергетикалык көз карандысыздык жана калкты газ менен камсыздоо маселеси чечилди. Коррупция менен күрөшүү ишин алдыга жылдырдык. Кеңири жайылган уурулукту токтотуп, андан түшкөн кирешени бюджетке котордук. Салык, бажы төлөмдөрү көбөйдү. Республикалык бюджеттин эсебинен оорукана жана мектептерди курууну баштадык",- дейт Жээнбеков.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

