super.kg logo

Бишкекте начар абалдагы китептерге кантип экинчи өмүр берүү керек экенин үйрөтүшүүдө

 

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги Тоголок Молдо атындагы сейил багында бир күндүк “Ачык асман астындагы китепкана” аттуу акция өтүп жатат. Иш-чараны Бишкек шаардык борбордоштурулган китепкана тармагы уюштурууда. Бул уюмдун директорунун орун басары Токтокан Сыдыкованын айтымында, көргөзмөнүн башкы максаты - окуучуларды жана шаар тургундарын китеп окууга үндөө.

Бишкек шаардык китепкана тармагында жалпысынан 28 китепкана бар, бүгүнкү акцияга алардын сегизи катышууда. Акциянын жүрүшүндө жаңы китептердин бет ачарлары өтөт, баяндамалар берилет, көркөм окуулар болот. Кыргыз жана орус тилдеринде жомоктор айтылат. Андан сырткары шахмат, шашки боюнча мелдештер уюштурулат. Мындан тышкары мектеп окуучуларына начар абалдагы китептерге кантип экинчи өмүр берүү керек экенин үйрөтөбүз", - деди Сыдыкова.

Айта кетсек, буга чейин аталган уюм “Троллейбустагы окурман”, “Китеп кербени” деген акцияларды өткөргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: