Канат Керезбеков: "Кыргызстанды СДПК менен гана өнүктүрөбүз" (фоторепортаж)











Бишкекте эстрада жылдыздары жана КВН командаларынын катышуусунда СДПК уюштурган концерт өттү. Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Канат Керезбеков СДПК мындан ары да туруктуулук жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракет кыларын белгиледи. "Эгер мамлекетте тартип, өнүгүү болсун десек, анда добушубузду сатпашыбыз керек. Бул силердин тандооңор, кийинки 5 жылдыкка болгон тандооңор. Биз СДПК менен гана мамлекетти өнүктүрө алабыз",- деди Керезбеков.
Талапкер Марат Аманкулов СДПК убакыттын сыноосунан өткөнүн билдирди. Партиянын салымы менен өлкөдө туруктуулук жана тынчтык сакталып турганын, тышкы саясат так аныкталганын айтты.
Кыргызстандык КВНчилердин президенти Евгений Акопян СДПК элдин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коёрун далилдеген партия экенин билдирип, Кыргызстандын КВНи СДПКны колдой турганын айтканы белгиленет маалыматта.
Материал СДПК саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

