Жоомарт Сапарбаев: “Добуш сатып алган партиялар эртең элди да сатышары анык”



“Ата Мекен” партиясынан жаш талапкер Жоомарт Сапарбаев Бишкектин 8-кичи районунун жашоочулары менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматына таянсак, талапкер үгүт компаниясынын алкагында партиялар башка партияларды каралап, көөлөп, жамандаган көрүнүштөр орун алары белгилүү экенин айтып, шайлоочуларды чагымчыл күчтөргө азгырылбай, ишенбей, өз добуштарын абийирдүү берүүгө чакырды.
“Бул шайлоо - өлкөнүн келечегин аныктай турган саясий өнөктүк, андыктан ар бир жаран жоопкерчилик менен өнөктүккө катышып, добуш берүүсү кажет. Ал эми утурумдук акчага добушун саткандар - өлкөнүн эртеңине кайдыгер карагандар. Добуш сатып алган партиялар эртең элди кошо сатып кетишери анык”,- деди Жоомарт Сапарбаев.
Талапкер “Ата Мекен” социалисттик партиясы ар дайым чындык үчүн күрөшүп келген жана жаштарды колдоп келген партия экенин айтты.
Мындан тышкары шайлоочулардын берген суроолоруна жооп берип, Бишкек баатырдын эстелиги борбор калаага тургузулушу керек экенин, кичи райондогу чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелерди шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери менен биргеликте жасалышы керектигин билдиргени айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



