Өмүрбек Текебаев: “Ата Мекендин” максаты – жарандардын турак жайга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу”

Бүгүн, 25-сентябрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон талапкерлер Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын жашоочулары менен жолугушту.
Жолугушууда партия лидери Өмүрбек Текебаев: “90-жылдардан бери Кыргызстанда миллиондогон адамдар жер которушту. Алардын көбүнүн үйлөрү жок, батирлерде жашап, иштеп жүрүшөт. Алар жашаган жеринде катталбагандыктан, социалдык-граждандык укуктарынан айрылышкан. Биз ошол адамдарды легалдаштыруу зарыл деп эсептейбиз. Аларды көмүскөдөн алып чыгып, мамлекет таануусу керек. Ал үчүн крепосттук укуктун бир түрү болгон советтик прописка институтунан биротоло баш тартуубуз зарыл”,- деп билдиргенин партиянын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда партия лидери эң орчундуу тема делген ички миграция туурасында да сөз козгоду.
“Кыргызстанда 300 миң үй-бүлөнүн өз үйү жок. Айрыкча жаш үй-бүлөлөр үйгө муктаж. Бирок, тилекке каршы, мамлекетибизде турак жай куруу программасы жок. “Ата Мекен” партиясы жаңы турак жай куруу концепциясын сунуштайт. Биздин максат – республиканын жарандарынын турак жайга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу. Биз биринчи кезекте массалык түрдө социалдык турак жайды куруп, ал эми жеке үй куруучуларды жер тилкеси менен камсыз кылуу зарыл деп эсептейбиз”,- дейт Өмүрбек Текебаев.
Партия лидери катталбаган турак үйлөрдүн тургундары кырдаалдын кысымында калышканын, алар өз үйлөрүнө укук берүүчү документтерин ала алышпайт, демек, жашаган жерине каттала албай жатышканын, бул 100 миңдеген адамдарды социалдык-граждандык укуктарынан ажыратарын белгиледи.
“Алар ооруп калса, оорукана, төрөсө, төрөт үйү, бала бакча, мектеп, ал тургай жаза тайып көз жумса, кара жер берилбейт”,- дейт Текебаев.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



